"Эркин-Тоо"

Жогорку соттун төрагасы Балыкчы шаардык сотунда орун алган кемчиликтерди жоюу тапшырмасын берди

Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары башталды. Ал сапарын Балыкчы шаардык сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушуудан баштады. Жыйын учурунда төрага бир катар процесстик кемчиликтерди белгилеп, алардын кайталанышына жол бербөө тапшырмасын берди. Алсак, сотто иштердин кечиктирилип каралышы негизги кемчилик экендигин атаган төрага судьяларды жоокерчиликтүү болууга чакырды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!