Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаар башкармалыгы жол акыны көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп жатат. Учурда жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыккан.
Биринчи вариант — азыркы бааны калтыруу;
Экинчиси — автобус, троллейбус баштаган муниципалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү;
Үчүнчү вариант — автобустукун 15, троллейбустукун 11, маршруттук унаалардыкын 19 сомго көтөрүү сунушталууда.
Эске салсак, жол кирени көтөрүү чечими акыркы жолу 2012-жылдын 1-майында көтөрүлгөн.