Бишкекте жол кире акысын накталай кабыл алган автобус, троллейбус айдоочулары иштен алынат.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда жүргүнчүлөр жол кирени тулпар транспорттук карталары, виза, элкарт банк карталары, ошондой эле «Mbank», «MegaPay», «Balance» мобилдик тиркемелери менен төлөй алат. Эгерде валидатор автобуста же троллейбуста иштебесе, анда жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу.
«Айдоочулар жол кире үчүн накталай эмес төлөмдү кабыл албай жатканына күбө болгон жүргүнчүлөрдү 0502 205-202 номери аркылуу кайрылууну суранабыз. Кайрылууда эреже бузуунун датасы жана убактысы, каттамдын номери, транспорт каражатынын мамлекеттик номери көрсөтүлүшү керек», — деп белгилешти мэриядан.
Эске салсак, 2023-жылдын 20-августунан тарта муниципалдык коомдук транспортто жүрүү акысын накталай төлөөгө тыюу салынган