"Эркин-Тоо"

Жол кыймылы жөнгө салынабы?..

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарына Кытайдан автобустар алынып келип, линияга чыгып калкты тейлей баштады. Алдыда дагы миңге жакын газ кыймылдаткычтуу автобустардын келери айтылууда. Жада калса айрым жерлерде коомдук транспорттор үчүн өзүнчө жол тилкеси бөлүндү. Эгер ошончо санда автобус келип, өзүнчө жол тилкеси менен каттамдар уюштурула турган болсо коомдук транспот көйгөйү, жол тыгыны өңдүү маселелер чечилеби деген ой жаралбай койбойт. Акыркы учурда коомдук транспорт жана жол маселеси боюнча удаа-удаа бир топ жаңылык орун алды. Айрымдары талкууга жем таштаса, айрымдары элди кубантууда.

Бүтпөгөн жол тыгыны…

Жайкы эс алуунун аякташы менен Бишкекте жол тыгыны башталды. Жарым саатта жетчү жерге 1, 1.5 саат дегенде жетип, аз келгенсип коомдук транспортко араң баткан кез. Өзгөчө эртең менен элдин агымы көп. Окуучу, студенттерден тарта жумушка бараткандардын баары аялдамага чогулушат. Бара турчу жерине кечикпейин деп коомдук  унаага шыкалып, толуп турганына карабай, эптеп эле батып кеткенге аракет кылып, эшикти жапканга мүмкүн болбой калганда ичинен бирөө тартып, сырттан башка бирөө түртүп жапкан учурлар жок эмес.  Жолдо унаа тыгыны, ал эми коомдук унааларда болсо  жүргүнчүлөрдүн тыгыны жаралууда. Автобустар көбөйсө жок дегенде жүргүнчүлөр тыгылбай, кенен каттап  калат беле деген үмүт жаралат.

Кытайдан жаңы автобустар келет

Азыркы күндө Кытайдан келген автобустар четинен линияга чыга баштады. Буга чейин Кытай менен 1000 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган эле. Ошондой эле Кытайдын «Zhong Tong Bus» компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустары 2023-жылдын аягына чейин, калган 500 даанасы 2024-жылдын 1-кварталында келери айтылган. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы болсо автобустар үчүн айдоочуларды жумушка алууда.

Бул автобустар алда канча ыңгайлуу транспортко айланды. Шаар тургундары алгачкы автобустар келгенде кубанганы чын.

Накталай эмес төлөм ыңгайлуулукту жаратты

Муниципалдык коомдук транспорттордо болсо жол кире накталай эмес төлөмгө өттү. Учурда жүргүнчүлөр  «Тулпар» карталары, виза, элкарт банк карталары ошондой эле мобилдик тиркемелер аркылуу төлөм жүргүзүшүүдө. Эгерде валидатор иштебесе жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу экенин, накталай төлөмдөрдү кабыл алган айдоочулар иштен алынары айтылган. Бул система бир учурда жол кире чогултуп, кайтарым акчасын берип, транспортту башкарган айдоочуларга бир топ эле ыңгайлуулук жаратты десек да болот. Деген менен мындайга көнбөгөн калк дале бир нукка түшө электей…

Коомдук транспорт үчүн өзүнчө жол тилкеси

Жакында эле шаардык мэрия коомдук транспорт үчүн өзүнчө жол тилкелери бөлүнөрүн, тилкеден башка унаалардын өтүшүнө уруксат берилбей тургандыгын билдирди. Бул боюнча 25-августта шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров жыйын өткөрүп, анда А.Токомбаев көчөсүндө Н.Жетикашкаева көчөсүнөн баштап Байтик Баатыр көчөсүнө чейин эки багытта, Ж.Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө Жибек Жолу проспектисинен баштап А.Токомбаев көчөсүнө чейин өзүнчө жол тилкесин бөлүү сунушталган. Мындай өзгөртүүлөр коомдук транспорттун ылдам катташына шарт түзүп, шаардын түштүк райондорунан борборго келүүнү жеңилдетерин билдирип, коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерди көбөйтүү пландаштырылып жатканын кошумчалаган. Бирок эл арасында башка унаалардын тыгынын артып, ыңгайсыздык жаралып жатканы айтылып, бир топ талкуу жаралды.

Автобекеттерди шаардын четине көчүрүү демилгеси

Жогорудагы жаңылыктарды улай эле Батыш жана Чыгыш автобекеттерин, «Ош базарын» Бишкектин сыртына көчүрүү пландалып жатканы айтылды.

Мэр Э.Абдыкадыров: “Чыгыш автобекети айланма жолго көчүрүлүп, 8 гектар аянт даярдалууда. Батыш автобекети менен «Ош базары» айланма жолдун кесилишиндеги 100 гектар аянтта болот. Ошондо 1000ге жакын кичи автобустар шаарга кирбей, айлана-чөйрө тазаланып, тыгындар азайып, борбордун архитектуралык көрүнүшү жакшырат”,- деди.

Жол кире кымбатташы мүмкүн

Бишкекте автобустарда жол кире 20-22 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экендигин мэрдин орун басарынын милдетин аткаруучу Максатбек Сазыгулов ЖМКларга берген маегинде билдирген. 1300 автобус шаарга алып келингенде кичи автобус шаардан чыгарыларын дагы кошумчалаган. Бул жаңылык шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратпай койгон жок.

Акыркы жолу жол кире 2021-жылдын аягында көтөрүлгөн. Мэрия жол кирени 15 сомдон 32 сомго көтөрүү сунушун киргизген. Бирок бул долбоор ишке ашкан эмес.

 

Жаңыл ДҮЙШӨКЕЕВА

№72 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 8-сентябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!