Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков өзүнүн салмагы боюнча рейтингде биринчи орунга чыкты. Мындай маалыматты Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайты жарыялады.
Маалыматка караганда, балбан 55 миң упайы менен биринчи орунга жайгашты. Ушул эле салмакта болгариялык Эдмонд Назарян экинчи, азербайжандык Мурад Маммадов үчүнчү орунга жайгашкан.
Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда Эдмонд Назарянды 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, Дүйнө чемпиону аталган.