"Эркин-Тоо"
№15 2023-жылдын 28-февралы

Жолборс ЖОРОБЕКОВ: “Демократиянын ашмалтайын чыгарып, либералбыз дегендерден да ашып түштүк”

Саясий илимдеринин доктору, профессор Жолборс ЖОРОБЕКОВ

— Жолборс Жоробекович, саясат таануучу катары бүгүн сиз Садыр Жапаровдун саясий бейнесин кандай сүрөттөйт элеңиз?

— Президенттин бүгүнкү күнгө чейинки жүргүзүп жаткан саясатын жалпысынан туура деп ойлоймун. Биз буга чейин бийликтин парламенттик түрү кыргыз менталитетине туура келет деп келдик. Бирок, өткөн 30 жыл ичинде кадыресе парламенттик мамлекет түзө албай будуң-чаңын чыгардык. Көрсө, бул башкарууга биздин саясий элитабыздын да, коомубуздун да саясий маданияты али өсүп жете элек экен. Дагы бир топ жыл күтүүгө, үйрөнүүгө, окууга туура келет шекилди. Ошондуктан бийликти бир колго топтоп, чечкиндүү чараларды көрүү, кээде элге анча деле сүймөнчүктүү боло бербеген чечимдерди кабыл алыш, стабилдүүлүктү камсыз кылыш жана оперативдүү иш алып барыш үчүн суперпрезиденттик республиканы да көрсөк деген пикирлер түзүлгөн.

Мына карап көрөлү, жарандык согушту башынан өткөргөн тажиктерде да азыр өндүрүшү жана башка жагынан өсүш бар. Өз күчтөрү менен эң чоң ГЭСти куруп коюшту. Эгерде экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде СССРде азыркы биздегидей демократия болгондо биз эч качан фашисттерди жеңе албайт элек деп ойлойм. Ошондуктан келгиле биз да бийликти бир адамга топтоп, муштумдай болуп түйүлүп, өлкөбүздү өстүрүп, чачылып кеткен элибизди топтоп, эртеңки күн үчүн ишеним бербейлиби. Мен өзү табиятымдан парламенттик формадагы мамлекеттик башкарууну жактасам да азыр муну да көрөлү, элибизге кандайдыр бир жеңилдиктерди, жакшылыктарды алып келер деген илгери үмүтүм бар. Ал эми Садыр Нургожоевич ушуга жан үрөп иштеп жатат деп ойлоймун. Жыйынтыгын күтө туралы.

— Садыр Жапаров бийлик башында өзү туруп, жоопкерчиликти да кошо алды. Эми мурдагыдай башка бирөөгө шылтай койгон саясат токтойт деген пикирди айтып жатасызбы?

— Эгерде С.Жапаров такымын жеген кыйды саясатчы болгондо айрым бир чырлуу жерлерди же маселелерди чечпей эле ага аябай жан үрөп жаткан адам катары өзүн көрсөтүп, кийинкиге калтырып коюп кетсе деле болот эле. Бирок ал мындай кылбады. Ушул жагдайда бир эле маселеге токтолоюн – бул КемпирАбад суу сактагычы боюнча маселе. Эмне 30 жыл ашуун кезге чейин биздин жетекчилер ушул маселени билбейт беле? Эң сонун билишкен. Аны жөн эле таштап коюшкан. Айланма жолдорду салып алышкан. Көл сууга толуп, үйлөргө зыяны тие баштаган. Көлдөн биз балык да кармай албай коңшулар кайык менен көлдүн үстүн толук көзөмөлдөшкөн. Биз ал жерге басып да бара албайт элек. Азыр эми сууну толтурууга чек коюлду. Сууну өлчөп, ачып-жабышты чогуу жүргүзмөй болдук. Эмнеси жаман? Бирок бардык нерсенин эки учу бардай эле Казакстан, Өзбекстан, ал гана эмес Тажикстанда да кандайдыр бир өлчөмдө өндүрүштүк өсүштөр болгону менен эли биздей эркин эмес. Биз демократиянын да ашмалтайын чыгарып, либералбыз дегендерден да ашып түштүк. Ошол эле кезде ата-бабабыздан келе жаткан наркнасилибизден да кеттик. Ошондуктан Садыр Жапаровдун нарк-насил боюнча айткан-дегендери да колдоого татыктуу. Мисалы, мына жакында биздин экс-президенттерди нейтралдуу жерге чогултуп, бир столго отургузду. Мен майда-чүйдөсүнө токтобой эле элдин бүйүрүн кызыткан “К.Бакиевди алып келе жатат” деген пикирлер боюнча айтсам. Бул боюнча Садыр Жапаров так жооп берди: “эгер андай ой болсо жолугушуубуз Бишкекте эле өтмөк. Бакиевге карата соттун чечими бар, ал келсе камакка отурушу керек. Соттун чечимине баш ийишибиз кажет” дебедиби. Эгерде Бакиев жөнүндө сөз боло турган болсо Садыр Жапаров айткандай Кудай алдында, мыйзам алдында, кала берсе тарых алдында ар ким өзү жооп берет. Бакиевдин үстүнөн болгон сот анын катышуусуз болгон. Азыр онлайн катыштырып, аны да укканга болот, ал да айта турган сөзүн айтсын. Президент мындан ары да ынтымакка алып келе турган чогулуштарды уланта берем деди, бул ак сөз.

— Президенттин кадрлары боюнча кандай көз караштасыз? Мисалы, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров татыктуу иштеп жатабы?

— Кыргыздар аз эле калкпыз. Анын үстүнө министр, депутаттын деңгээлиндеги инсандарды жети атасын, башкача айтканда ата-жотосуна чейин так билебиз. Ушул жагынан алып караганда мен Акылбек Жапаровду тээ өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери билем. Бул жигит жөнүндө ар түрдүү деңгээлдеги сөздөрдү да угуп жүрөм. Бирок бүгүнкү күндө бардык тарабынан А.Жапаровго тең келе турган кадрларыбыз бир колдун манжасы менен эле эсептелет. А. Жапаров өтө тажрыйбалуу адис болгондуктан Президент туура айтып жатат: эгерде таза иштеп турса эле ал иштен кетпейт. Болгону Президенттин, анан элдин ишенимин акташ керек. Бул жагынан Акылбек камчы салдырабайт деп ойлойм.

— Учурда Кыргызстандын дүйнөлүк жамаатташтыкта ээлеген орду кандай болуп жатат? Тышкы саясат жагында эмне ийгиликтер же кемчиликтер бар деп ойлойсуз?

— Чынын айтыш керек, Кыргызстандын дүйнөлүк жамаатташтыктагы абалы өтө эле жакшы деп айта албайм. Ал С.Жапаровго тиешеси жок. Тескерисинче, С.Жапаров ошону оңдогонго аракеттерди көрүп жатат. Анын үстүнө дүйнөлүк деңгээлдеги аброй 5-6 жылда эле келип калбайт. Биз тынбай эле “революция жасай берсек , өлкөдө стабилдүүлүк жок болсо чет мамлекеттер олуттуу мамиле курабы? Негизи биздин эл аралык аброюбуз ички биримдигибизге, стабилдүүлүгүбүзгө көз каранды. Кайсы эле инвестор күн сайын митинг жасаган, бийлигинин күчү жок, эртеңки күнү бүдөмүк жерге акчасын сала койсун. Биз эмне дебейли Өзбекстан кийинки эле жылда 50 млрд доллардан көп көлөмдөгү инвестицияга кол коюшту. Биз болсо меморандум менен чектелебиз. Ал деген сүйлөштүк деген эле сөз. Ошон үчүн С.Жапаров биримдигибизди күчөтөлү, бир муштумдай түйүлөлү деп экс-президенттерди да ушул максатта чогултту да. Мамлекеттин келечеги, анын стабилдүүлүгү үчүн бардыгыбыз жапа-тырмак колдон келген жардамыбызды көрсөтөлү. Намысыбызга келели. Башкасын жөн эле коёюн Жамбыл менен Фергананын өсүп-өнгөнүн көрүп, өзүбүздүн Бишкекке салыштырып башты шылкыйткандан башка арга жок. “Коммерсант” басылмасы өткөндө “Бишкек шаары мейман күткөнгө өтө эле томсоруңку көрүнөт” деп жазды эле. Эмне дейбиз, өзүбүз деле көрүп турбайбызбы.

— Саясаттан “жыдыган” же бир кызмат бериш керек болгон саясатчыларды элчиликке “айдоо” бизде илгертен эле салт болуп калгансыды. Мындан качан арылабыз? Бизде профессионал дипломаттар жетишсизби?

— Бул бизде эле эмес, дүйнөдө ушундай. А.Жумагуловдун Россияда, М.Шеримкуловдун Иранда элчи болушу бир топ эле жемишин берди. Ал эми бизге албетте, профессионалдар керек. Ошондуктан биздин Дипакадемиянын статусун башкачараак кароо керек го. Дипломаттар булар биздин мамлекеттин жүзү, аларда жетишерлик билим жана ошол мамлекеттин тилинде сүйлөй билиши керек.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№15 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 28-февралы