21–23-август күндөрү өткөн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын 3 күндүк кароо-сынагы аяктады. Маанилүү иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, КРнын Президентинин кеңешчиси Болот Ибрагимов, Тажикстан Республикасынын ИИМнин мамлекеттик авто инспекциясы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Рустам Тагоймурод, өлкөбүздүн Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев жана ИИМдин ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков катышышты.
“Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2024” сынагы бул сапар 8 номинация боюнча өткөрүлдү. Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын командалары катышып, 29 мектеп окуучусунан турган 6 команда тартылган. Узакка созулган сынакта ар бир команда өзүнүн билимин, кайталангыс өзгөчөлүгүн, оригиналдуулугун жана талантын көрсөттү.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
1-орунду Россия жана Казакстан командалары;
2-орунду Өзбекстан жана Беларусь Республикаларынын командалары;
3-орунду Тажикстан жана Кыргызстандын командалары ээледи. Адам курмандыктарына алып келген жол кырсыктары күн сайын күчөгөн азыркыдай шартта мындай иш-чаранын мааниси зор экени айтпаса да түшүнүктүү.
Саамалыктын сап башында туруп, көгүлтүр көл жээгинде масштабдуу иш-чараны жогорку деңгээлде өткөргөн ИИМдин ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш ЖОРОБЕКОВду кепке тарттык:
— Азыр кайда барба, кай жакты карабагыла жол коопсуздугу көпчүлүктүн көңүл чордонундагы көйгөйлүү маселеге айланды. Бул көйгөй менен күрөшүү бир гана биздин ички иштер органдарына мүнөздүү эмес, буга жалпыбыз менен жабыла аракет көрүшүбүз керек. Мамлекет жетекчилигинин койгон тапшырмаларынын бири да дал ушул жол коопсуздугу, андагы кырсыктардын алдын алуу болуп саналат. Биз кайсы жакка барбайлы, кандай иш-чара өткөрбөйлү, бардыгы жол аркылуу өтөт. Азыр техника күн сайын көбөйүүдө. Бул сынак жыл сайын Россия баштаган башка мамлекеттерде өтүп келген. Быйылкы жылы биз бул сынакты өзүбүздүн мамлекетте, болгондо да берметтей Ысык-Көлүбүздүн жээгинде өткөрүп жатабыз. “Милициянын жаш тескөөчүлөрү” отряддары 1973-жылы түзүлүп, 1975-жылы СССРге мүчө мамлекеттердин арасында биринчи чогулушу болгон. 1982-жылы андагы биздин Фрунзе шаарында да чогулушу өткөн. Арадан 42 жыл өткөн соң биз кайрадан бул чогулушту Кыргызстандан өткөргөнгө жетиштик.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ