Бишкекте шаар тургундарын жана конокторун түркүн түстөрү менен кубандырып, алгачкы жоогазындар гүлдөй баштады. Мэриядан билдиришкендей, быйыл шаар тургундары көрктүү жоогазындарды Эмен багынан, филармониянын алдынан, «Театралдык» жана «Дене тарбия» гүл бакчаларынан, ошондой эле Жеңиш, Ататүрк сейил бактарынан, Кара жыгач багынан көрө алышат. Быйыл Голландиядан тандалып алынып келген 235 миң 998 даана жоогазын борбор калааны көрккө бөлөйт.