ЖООКЕРЛЕРДИН ӨЛҮМҮНӨ КИМ ЖООП БЕРЕТ?

Кыргызстанда акыркы жылдары аскерде кызмат өтөп жүргөн жоокерлердин өлүмү көп каттала турган болду. Ушул жылдын июль айында эле эки жоокер каза тапты. Алардын бири Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери, 22 жаштагы Элдияр Жайлообеков күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон. Бул окуянын чоожайы аныктала электе 29-июлда Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясын кайтарган 18 жаштагы жоокер Калыс Абдыкабылов каза болду. Өкүнүчтүүсү, эки жоокердин тең өлүмү боюнча Коргоо министрлиги жана Жаза аткаруу кызматы жоокерлер өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, алган жараатынан мерт болгон деген бүтүм чыгарган. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Жогорку Кеңеште жоокерлердин өлүмүнө алардын жашоо турмушундагы ар кандай жагдайлар, курал кармаганды билбегендиги себеп болууда деген таризде баяндама жасады. Бактыбек Бекболотов атайын аскерге чакырылган жалындуу курактагы жаш жигиттердин өлүмү алардын ата-энесине, жакындарына кандай оор тийгенин, ар бир жоокер үчүн жооп берүү керек экендигин баяндама жасап жатып унутта калтыргандай болду. Анткени каза болгон жоокерлер тынч күндөрдө сырдуу жагдайда кайтыш болуп жатышат. Эгер жоокер элин-жерин коргоп жатып каза болсо сөз башка эле… Жакында Баткен облусунун Айдаркен шаарында УКМКнын Чек ара кызматынын 18 жаштагы аскери да каза болду. Анын ашказанынан кан кетип абалы начарлап, кайтыш болгондугу айтылды. Мындай окуялар ушинтип баймабай катталып жаткандыктан сентябрь айынын башында Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен менен аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлердин арасында адам укуктарынын сакталышын караган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзүлөөрү белгилүү болгон. Мониторинг 5-сентябрдан тарта жүргүзүлүп, акыркы беш жылда катталган өлүмдөр боюнча маалымат топтолуп, уруп-сабоо жана өзүнөзү өлтүрүү боюнча фактыларга, аскерлердин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүлмөк. Биз мониторингдин кандай жүрүп жатканына, анын жыйынтыгы кандай болоруна кызыгып Акыйкатчы институтуна кайрылдык. Бул ишти Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын орун басары Альберт Колопов жетекчилигине алып, учурда мониторингдин жыйынтыгын чыгаруу алдында туруптур.

Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов

— Альберт мырза, аскерлердин укуктарынын сакталышына карата жүргүзүлгөн мониторинг кандай жүрүп жатат?

— Аскерлердин өлүмү көбөйө баштагандан кийин бизге кайрылуулар да көп болуп, мониторинг жүргүзүп, чындыгында маселенин канчалык деңгээлде оордугун аныктоого аракет жасай баштадык. Билесиздер, аскер бөлүктөрү жабык болот. Ал жерде басым, уруп-сабоолор тууралуу ачык айтылбайт. Ошондуктан мониторингди анонимдүү түрдө жасадык. Аскерде кызмат өтөп жаткандар үчүн алардын укуктары камтылган суроолор кирген, 6 барактан турган анкета иштеп чыктык. Анкетаны аскерлерге таратып берип, “Кылым шамы” уюму, “Жоокерлердин энелери” комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өзүнчө бөлүп сүйлөшүп жаттык. Биз анкета менен чектелип калбастан жигиттер менен баарлашууну да уюштурдук. Командирлерди да өзүнчө бөлүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтарга анализ жасадык.

— Аскерлер сиздер берген суроолорго ачык жооп бере алыштыбы? Жыйынтыгы кандай болду?

— Сурамжылоо анонимдүү болгондуктан аларга коркуунун кереги жоктугун түшүндүрүп жаттык. Анкетада басым жасоо, акча талап кылуу, уруп-сабоого байланышкан суроолор бар болчу. Көпчүлүгү “андай учурлар жок” деп жооп берип жатышты. Арасында «басым жасоо, акча талап кылуу учурлары бар» деген жоопторду бергендер да болду.

— Канча аскер бөлүккө бардыңыздар?

— Бишкек шаары боюнча 9 аскер бөлүккө бардык. Аймактарда да кызматкерлерибиз иштеп жатышат.

— Жумушчу топ качан баяндама жасайт? Жыйынтык кандай күчкө ээ болот?

— Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштарды камтыган атайын баяндама даярдалып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Жогорку Кеңеш отчётту карап, токтом кабыл алып берет. Баяндама негизи 2023-жылдын апрель айында жасалышы керек. Бирок, атайын баяндама кылып ага чейин да коомчулукка мониторингдин жыйынтыгын айтып чыксак болот.

— Аскер бөлүктөрдө көйгөйлөр бар бекен же баары жакшы дештиби?

— Өткөн 2021-жылы 6 аскер каза болгон. Бул жылы 7 кылмыш иши козголуптур. Бирок, быйыл уруп-сабоо фактылары да катталган. Андыктан маселе бар деп айта алам. Биз бул боюнча баяндамада кенен айтабыз. Азыр сурамжылоо бүткөн, бирок жыйынтык чыгара элекпиз.

— Аскерде кызмат өтөп жаткан жигиттер кырсыктап калса эле өзүнүн ден соолугу начар экен деген тыянак чыгарып берип жатышат. Азыр алар аз эле убакыт кызмат өтөшөт эмеспи. Кызмат өтөгөнүнө бир жыл болбой туруп, кан кусуп каза болгонуна ишенбей да кетет экенсиң…

— Өтө маанилүү көйгөйдү айттыңыз. Биз мониторинг жүргүзүп жатып, ушул маселеге көңүл бурдук. Аскер комиссариаттары эмне үчүн балдардын ден соолугу начар экендигин башынан аныкташпайт деп биз да маселе көтөргөнү жатабыз. Комиссариаттар медициналык кароону кандай өткөрүшөрүнө да кызыгып жатабыз. Бүт маселе ошол жерде жатат. Андыктан биз аскер комиссариаттардагы медициналык кароолордун да тиешелүү деңгээлде болушун талап кылалы деп жатабыз. Маселенин көбү ушул жерден башталып жатпайбы. Биз ушул мониторинг жүргүзүү учурунда медицина бөлүктөрү боюнча да сурамжылоо жүргүздүк. Аскер кызматкерлерин медициналык камсыздоо канчалык деңгээлде канааттандырат деген суроо узаттык. Бул суроого аскер кызматкерлеринин 10 пайызы «канааттандырбайт деп жооп беришти». «Кызмат өтөө учурунда медициналык бөлүккө кайрыласыздарбы?» деген суроо бар эле. 20 пайыздан ашык аскерлер “ооба” деп жооп беришти. Айрыкча мен госпиталда иштеген дарыгерлердин ишине нааразы болдум Алар клиникалык протоколдорду да кадимки бейтапканалардан айырмаланып кабыл алышат. Буйрук күтүп олтура беришет. Аскердик тартипте иштешет. Дарыгер деген дарыгер болушу керек. Эмне үчүн дарыгер аскер адамы катары кызмат кылышы керек? Мени ушул маселе өтө түйшөлттү. Андан тышкары командирлер бизге мектептерде мурдагы аскерге даярдоо сабактары кайра жанданса жакшы болмок деген сунуштарын айтышты. Азыркы балдар аскерге куралды кантип кармашты билбей келип алышып да көйгөй жаралып жатат деген пикирин жашырышкан жок. Балдардын даярдыгы 9-класстан эле башталып, жок дегенде аскер эмне экендигин билсе жакшы болмок дешти. Бизге келген ата-энелерге чындыгында боор ооруйт. Чырактай, дени сак уулун аскерге жөнөтүп, анан сөөгүн алып жатса кандай оор. Мындай көйгөйдү жоопкерчилик жоё алат деп ойлойм. Жигиттер ал жерде курал кармап жүрүшөт. Эгер тартип болбосо, жоопкерчилик болбосо трагедиялуу окуялар боло берет.

№103 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-ноябры
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА

error: Content is protected !!