Бишкек шаарынын №12, №66 жана №21 орто мектептеринде жаңы воркаут-аянтчалары пайдаланууга берилди. Бул аянтчалар «Сенин эко зарядың» экологиялык акциясынын алкагында түзүлдү.
Акцияга шаардагы мектептердин окуучулары жана алардын ата-энелери катышып, колдонулган батарейлерди чогултушкан. Натыйжада үч тоннадан ашык батарей топтолуп, эң көп жыйнаган үч мектеп жеңүүчү деп табылды.
Жеңүүчүлөрдүн бири болгон №21 мектепке воркаут-аянтчаны Fantasy Eco Group компаниясы демөөрчүлүк кылып куруп берди.
Компаниянын тең-негиздөөчүсү Рафгат Хантимеров бул демилге тууралуу мындай деди: «Уюштуруучулар биз менен байланышканда, биз дароо эле сунушту кабыл алдык. Бул мектеп биримдик менен тийиштүү натыйжага жетүү мүмкүндүгүн даңазалады. Биз үчүн ушундай долбоорлорду жана жаштарды колдоо абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө өспүрүмдөрдү туура эмес жакка түрткөн азгырыктар көп. Ал эми спорт коомду бириктирип, аларга күч-кубат берип, дени сак жашоого үйрөтөт. Биз балдардын ден-соолукту чыңдоо менен убакытты өткөрө турган жери болушун каалайбыз.»