23-январда жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окуу үчүн кышкы кабыл алуунун IV туру башталды.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.
Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 28-январь, саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.
I, II, III турдун жыйынтыгы менен жалпысынан 693 талон катталып, ЖОЖдор 656 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Алардын ичинен 554 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.