"Эркин-Тоо"

ЖРТ 2025: Бүтүрүүчүлөр үчүн тестирлөө өтө турчу так күндөр белгилүү болду

Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 2025-жылдын май жана июнь айларында үч этап менен өтөт. Тестке катышууну каалагандар биринчи этапка 18-20-май күндөрү катышса болот. Экинчи этап 22-24-майда, ал эми акыркы, үчүнчү этап 20-22-июнда өтөт. Ар бир этаптын алдында тест борборлорунда даярдык иштери жүрөт.

Мындан сырткары, каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо мүмкүнчүлүгү да каралган. Тагыраагы, 17-майда, 21-майда жана 19-июнда кошумча каттоого уруксат берилет.

Билим берүү жана илим министрлиги: «ЖРТга даярдык көрүп жаткан бүтүрүүчүлөрдү убагында каттоодон өтүүгө жана тестке жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз», — деп белгиледи.