Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, быйыл 57 окуучу эң жогорку упайга ээ болду. Эң жогорку балл — 235. Аны Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:
- Бишкек шаарынан — 35 окуучу
- Ош облусу — 7 окуучу
- Ысык-Көл облусу — 5 окуучу
- Чүй облусу — 4 окуучу
- Баткен облусу — 3 окуучу
- Нарын облусу – 2 окуучу
- Жалал-Абад облусу -1 окуучу
Министрлик 24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен жогорудагы тизме толукталышы мүмкүн экендигин эскертет.