Бүгүн, 15-октябрда, борбор калаада Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
Үч кабаттуу жаңы имарат жугуштуу оорулар менен жабыркаган балдарды дарылоого ылайыкталган. Анда изоляцияланган жана жарым изоляцияланган палаталар, аба чыпкалоо системалары, заманбап диагностикалык жабдуулар жана бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун атынан оорукананын жамаатын жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, бул долбоор саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө багытталган иштердин бир бөлүгү экенин белгиледи.