"Эркин-Тоо"

Жугуштуу оорулар ооруканасында кызамык диагнозу менен 133 бейтап дарыланууда

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына (РКЖОО) барып, учурдагы эпидемиологиялык абал менен таанышты.

Бүгүнкү күндө ооруканада кызамык диагнозу менен 133 бейтап дарыланып жатса, анын үчөө жандандыруу бөлүмүнө алынган. Ооруканада кызамык оорусун дарылоо боюнча 6 бөлүм иштеп жатат.

«Кызамык оорусуна каршы өз убагында эмдөө алуу өтө маанилүү. Ал жугуштуу оорудан же анын өрчүшүнөн сактануунун эң эффективдүү жолу»,-деп белгиледи министр.

Пример HTML-страницы