"Эркин-Тоо"
Медицина Эркин Тоо гезити

Жугуштуу, паразитардык оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динагүл Оторбаева: «ЖУГУШТУУ ООРУЛАР АБА АРКЫЛУУ ЖУГАТ»

— Динагүл айым, жугуштуу ооруларды кантип аныктайсыздар?

— Кыргызстанда жугуштуу оорулар медициналык жардам көрсөтүү уюмдары, лабораториялык изилдөөлөр жана сан-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын системасы аркылуу аныкталат. Бейтаптар көбүнчө симптомдор пайда болгондо үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жана жергиликтүү ооруканаларга кайрылышат. Бул этапта дарыгер клиникалык текшерүүлөрдү жүргүзөт жана зарыл болгон анализдерди жазып берет. Ал эми жугуштуу ооруларды  өз убагында каттоо, бейтаптарды изоляциялоо, байланышта болгондорду көзөмөлдөө оорунун алдын алуу иштери адистер тарабынан  ар дайым көзөмөлдө турат.

— Өлкөбүздө эпидемияны алдын алуу жана ага жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгү кандай?

— Кыргызстан жугуштуу оорулардын чыгышынын алдын алуу жана оорунун дүрт алуусуна жооп кайтаруу, эпидемиологиялык көзөмөл системасына негизделген.  Ал үчүн күн сайын бардык катталган оорулардын катталуусуна көзөмөл жүргүзүлүп, үй-бүлөлүк дарыгерлерден, оорукана, лабораториялардан маалыматтар алынып турат. Андан сырткары, мисалы сасык тумоо жана курч респиратордук оорулардын деңгээли жогору, ооругандарды өз убагында тейлөө үчүн кошумча  стационарлар жана резервдик орундардын болушу, үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда графиктер менен иштөөсү каралган.

Бардык саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык кызматкерлер коргонуу каражаттары менен камсыз кылынган. Ооруканаларда дезинфекциялоочу каражаттар жетиштүү.

— Жугуштуу оорулардын коркунучу эмнеде жана кайсылары эң көп кездешет?

— Жугуштуу оорулар калк үчүн, өлкөнүн экономикасы жана жалпы коопсуздук үчүн коркунуч туудурат. Көпчүлүк жугуштуу оорулар аба аркылуу же тыгыз байланыш аркылуу адамдан адамга жугат. Аба аркылуу тез таралышы мүмкүн. Бул оорунун андан ары жайылып кетиши чоң масштабдагы эпидемияларга алып келет, айрым учурларда өлүмгө алып келиши мүмкүн. Калк арасында оорунун жайылып кетпеши үчүн өз убагында диагноз коюу, учурларды изоляциялоо, клиникалык байкоо, эмдөө иштеринин аткарылышы маанилүү.  Кыргызстанда эң көп   сезондук курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо көп катталат. Негизинен жугуштуу оорулар эл көп топтолгон жерлерде санитардык эрежелердин сакталбагандыгынан массалык жуктуруп алуу коркунучуна алып келет. Мисалы, жугуштуу оорулардын алдын алууда, алардын ичинен сасык тумоо жана курч вирустук оорулар, коронавирустук инфекцияда калктын аялуу топторуна киргендерге (балдар, улгайган адамдар, кош бойлуу аялдар арасында) алдын ала эмдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле балдардын арасында кызамык, көк жөтөл, кептөөр, вирустук гепатиттин В түрү жана башка ооруларга каршы пландуу түрдө эмдөөлөр жүргүзүлүп турат.

— Вирустук гепатитке кабылгандардын көрсөткүчү төмөн элеби?

— Бүгүнкү күндө вирустук гепатит, айрыкча кан жана тыгыз  байланыш аркылуу жугуучу гепатиттер кеңири таралган бойдон калууда. Чоңдор арасында лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде гепатиттин өнөкөт формалары көп катталгандыгы байкалгандыктан, 2022-жылдан бери өлкөдө чоң адамдардын арасында вирустук гепатиттин В түрүнө каршы эмдөөлөр киргизилген. Ошондой эле жугуштуу сарык жана ичеги-карын оорулары да катталып турат. Балдардын ичеги-карын инфекциясына кабылуусу чоңдорго караганда 2,5-3 эсе жогору. Бул ооруларды “кир колдун оорулары” деп да коёт, себеби, ооругандардын 75-80%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Бул гигиеналык эрежелердин сакталбаганы ичүүчү суунун, тамак-аштын сапаты, калктын санитардык маданияты менен байланыштырылат.

— Адамдын жаш курагы инфекциянын жүрүшүнө таасир этеби?

— Жаш курак инфекциялык оорулардын жүрүшүнө түздөн-түз таасир этет. Балдар, чоңдор жана улгайган адамдар инфекцияны ар башкача көтөрүшөт. Оорунун канчалык деңгээлде оор же жеңил өтүшү, ар бир жаш курактын иммундук системасынын күчүнө, өнөкөт оорулардын бар же жоктугуна, организмдин жабыркоого туруктуулугу жана эмдөө статустарынан көз каранды.  Балдарда инфекциялар көп учурда тез өөрчүп, интоксикация, ысытма менен коштолот, дем алуу жана организмдин башка системаларында оорунун  тез кабылдашын жаратышы мүмкүн.

Ал эми улгайган адамдардын иммундук реакциясы төмөн жана алар өнөкөт оорулар менен көбүрөөк ооруйт. Бул инфекциялардын жүрүшүн оорлотот. Алардын оорулары башында анчалык оор болбошу мүмкүн, бирок дарылоо кыйыныраак болуп, көп учурда узакка созулуп, пневмонияга, жүрөк-кан тамыр ооруларына, бөйрөктүн жана башка органдардын жабыркашына алып келет.

— Өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча абал кандай?

— Республика боюнча 49 жумада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын 42 689 учуру катталды. Өткөн 48 жумага салыштырмалуу 15,1 эсеге жогору катталды. Жаш курагы боюнча алганда, учурлардын 70%ы — 14 жашка чейинки балдар (29 876 учур). Оору  бардык аймактарда катталууда, оорунун жогорку көрсөткүчтөрү Бишкек  жана Ош шаарларында, Баткен, Чүй, Нарын, Талас  облустарында  катталган. Оорунун деңгээлин көзөмөлдөө күн сайын уланууда.

— Интернеттеги «Гонконг сасык тумоосу» тууралуу маалымат канчалык деңгээлде ишенимдүү?

— Интернетте «Гонконг сасык тумоосу» өзгөчө кооптуу» жаңы таралган оору катары көрсөтүлүүдө, бул калк арасында негизсиз дүрбөлөңдү жаратууда. Аталган вирустун штаммы жаңы эмес, ал 1968-жылы биринчи жолу Гонконгдо табылган, H3N2 штаммы жыл сайын катталып турчу сезондук вирустардын бирине кирет. Бул оору боюнча калк арасында дарыгерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мээрим Бактыбек кызы