"Эркин-Тоо"

Жумабек Салымбеков, Айжигит Тыналиев жеңүүчү деп табылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо боюнча эки округдун жыйынтыгын чыгарды. Маалыматка караганда, №29 Свердлов бир мандаттуу округунан Жумабек Салымбеков жеңүүчү деп табылды. Ага шайлоочулардын 64,68 пайызы, тагыраагы 10 623 адам добуш берген. Ал эми №36 Ысык-Көл округунан Айжигит Тыналиев жеңүүчү болду. Ага шайлоочулардын 16,04%ы добуш берген. Бул шайлоочулардын 3 498 добушун түздү. Ноокат округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!