Үстүбүздөгү жылдын 15-16-ноябрь күндөрү Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматтык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жарманке Турдакун Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле Исхак Раззаков жана Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде (Биринчи Май району) уюштурулат.
Жарманке ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, элге арзан жана сапаттуу азык-түлүк продукциясын жеткирүү, ошондой эле ички рынокту туруктуу камсыздоо максатында өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын июнь айына чейин ар ишемби, жекшемби күндөрү Бишкек шаарында социалдык маанилүү продукцияларды сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлүп турат.

