Статистикалык комитет Кыргыз Республикасынын аймагында 42 ири үй канаттуулар фабрикасы бар экендигин билдирди. Фабрикалардагы жумуртка өндүрүшүндө да жылыштар бар. Алсак, 2021-жылдын 1-ноябрына карата аларда 484 млн 305,7 миң жумуртка өндүрүлүп, алгачкы сапка Чүй облусу чыгып, бир жылда 280 млн 253 миң жумуртка өндүрүлгөн. Бирок, өткөн жылдын акыркы айларында жумуртка өндүрүү 1 даанага азайганы байкалган. Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктын маалыматы боюнча, 2021-жылдын башында «Самат и Ко» жумуртка багытындагы үй канаттуулар фабрикасынын жабылганына байланыштуу Ысык-Көл районунда жумуртка өндүрүү 48,1 пайызга былтыркы жыл менен салыштырмалуу азайган. Республикада фабрикалар көбөйгөнү менен тооктордун башынын азайыша байкалууда. Республика боюнча акыркы айларда тооктор 147,6 миң башка азайганы маалым болду.