"Эркин-Тоо"

Жумушчу топ аскер бөлүктөрүндөгү өлүмдөрдүн себебин изилдейт

Кыргызстанда жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу бардык аскер бөлүктөрүндө жалпы текшерүүлөр башталат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ведомствонун башчысы Атыр Абдрахматова аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү демилгесин көтөргөн.

Буга аскер кызматын өтөп жаткан учурда аскер кызматкерлеринин өлүмү, алардын сабалышы жана белгисиз себептерден улам нейропсихиатриялык борборлорго жатышы себеп болгон.

Жумушчу топко төмөндөгүдөй милдеттер коюлду:

1. Аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүү, акыркы 5 жылда жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуу;

2. Аскер бөлүктөрүнө барып, жеринде мониторинг жүргузүү, аскер кызматкерлердин ата-энелери менен жолугууу жана сурамжылоо жүргүзүү;

3. Аскерлердин өзун-өзү өлтүрүүсунүн себебин аныктоо. “Дедовщина” түшүнүгүн алдын алуу боюнча сунуштарды даярдоо;

4. Улуттук жана эл аралык мыйзамдарды, аларды практикалык колдонууну изилдөө жана бул маселе боюнча биздин укуктук нормаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

“2022-жылы 5-сентябрдан тартып жумушчу топ өлкө боюнча аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзүүнү баштайт. Мониторингд жүргүзүүнүн максаты — аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышын талдоо үчүн маалыматтарды чогултуу, жеринде аскер кызматкерлери, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүү”, — деп айтылат маалыматта.

Мониторингдердин жыйынтыгында тиешелүү сунуштары менен атайын доклад даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, жумушчу топтун курамына Акыйкатчы институтунун, Башкы прокуратуранын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле Аскер кызматкерлеринин энелеринин республикалык комитетинин, «Кыйноолорго каршы коалиция», «Кылым шамы» коомдук фондунун жана “Жарандык союз” коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү кирди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!