"Эркин-Тоо"
Иш-жума

ЖУМУШЧУ ТОП ТҮЗҮЛДҮ

Президент Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына аталган мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгууга кызыкдар болгон ЖМКнын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген. Жумушчу топ 2023-жылдын 1-мартына чейин долбоорду жеткире иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарышы керек.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Жылдыз ДЫЙКАНОВА