"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Жумушсуздардын саны бир жыл ичинде 19%га азайды

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жумушсуздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19%га азайды.

2025-жылдын 1-августуна карата жумуш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жарандардын саны 63,5 миң адамды түздү. Ошол эле маалда өлкө боюнча жумушсуздардын жалпы саны 104,7 миң адам болуп, жумушсуздуктун деңгээли 3,7% деп бааланууда.