Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров быйыл Кыргызстанда 43 миң 763 жаңы жумуш оруну түзүлгөнүн билдирди.
Анын айтымында, социалдык келишим аркылуу 32 миң 869, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар – 10 миң 394тө жетсе, жеке асисстент боюнча – 500 адам жумуш менен камсыздалган.
“Министрликтин ишинин бирден бир артыкчылыктуу багыты бул калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү болуп саналат. 2024-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча жалпысынан алганда эмгек рыногунда кырдаал туруктуу болду. Расмий статистикалык маалыматка ылайык, акыркы эки жылда республика боюнча жалпы жумушсуздуктун саны 14,7%га төмөндөдү. 2024-жылдын 11 айында расмий жумушсуз макамы менен 53,9 миң адам турган. 2023-жылдын ушул мезгилинде бул сан 70,2 миң адамды түзгөн”, — деди ал.
Ошондой эле Равшанбек Сабиров 11 айда 15 миңден ашык адам ишке орноштурулганын кошумчалады.