"Эркин-Тоо"

«Жунда» заводун модернизациялайт

Быйыл мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводуна 167 миллион доллардын тегерегинде инвестиция салынарын министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, каражат заводду модернизациялоого жана К5 классындагы бензиндин стандарттарына ылайыкташтырууга жумшалат.
«Модернизациялоо иштерин 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү мерчемделип жатат. Инвесторду колдоого багытталган конкреттүү жол картасы түзүлдү. Абдан жакшы жеңилдиктерди бердик, нефтини кайра иштетүүгө акциздик салыктан да бошоттук. Мунун баары мунайды кайра иштетүүдөгү потенциалды арттыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет», — деди Амангелдиев.
Пример HTML-страницы