"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Журналист болом десең – бул мектеп сен үчүн

Кыргызстанда заманбап журналистиканын өнүгүшүнө багытталган медиа мектеби өз ишин баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, долбоордун алкагында ар ай сайын журналистиканын сапатын жогорулатууга, этикалык стандарттарды сактоого жана медианын туруктуу өнүгүшүнө багытталган тренингдер өткөрүлөт.

Медиа мектеп төмөнкү багыттар боюнча окутууларды жана талкууларды уюштурат:

  • медиа жана тил саясаты;

  • жасалма интеллект жана журналистика;

  • мультимедиа форматтары — подкаст, видео, инфографиканын колдонулушу;

  • социалдык тармактардагы журналистика;

  • фактчекинг жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү;

  • маалымат булактарын коргоо жана санариптик коопсуздук.

Биринчи тренинг 18-июнда саат 09:00дө Улуттук тарых музейинде “Медиа жана тил саясаты: кыргыз тилин өнүктүрүүдө журналистиканын орду» темасында өтөт. Иш-чарага медиакоомчулуктагы бардык кызыкдар тараптар чакырылат.