— Кубан ага, сизге ат жалында журналистика тармагы боюнча бир аз суроо сала кетели деп келдик эле. Кесипкөй журналист катары сиздин ойлоруңуз биз үчүн баалуу. Мына басма сөз жаатын алсак, эгемендик алган учурда гезиттин кадыры тоодой болчу, азыр болсо андай эмес. Мунун келечегин кандай көрөсүз?
— Ал кезде “цензура” жоюлуп, мамлекеттик эмес эркин гезиттер жаралды. Ал жылдарда сөздүн жана ойдун эркиндиги орун алган. Кыргыз тилиндеги “Асаба”, “Кыргыз Руху”, “Майдан” жана орус тилиндеги “Республика”, “Свободные горы”, “Дело №” гезиттеринин аракети менен биздин өлкө “демократиянын аралчасы” (“остров демократии”) деп эл аралык деңгээлде бааланган. Азыр болсо “архипелаг” болуп калдык. Келечек эми ушуга тыгыз байланыштуу.
— Журналистиканын опурталдуу жактары эмнеде?
— Бул түйшүктүн эки тарабы бар, экөө тең кыргызга тыгыз байланыштуу – өз алдынча аталыштары да бар, биринчиси – “Арзымат”, экинчиси – “Тазбаймат”.
— Бул эми фольклордук түшүнүктөр го, илгери болгон да?
— Илгери болсо, эмнеге азыр ушул экөө маалымат каражаттарынын сол жагында – “Арзымат”, оң жагында – “Тазбаймат” болуп турат. Бири “сындаба, буларга мактоо гана жарашат” деп шыбырап турса, экинчиси “Манасты сынаба, ал илгерки жомок, азыркы жетекчини сына, бул азыркы жашоо” деп кулагына куят.
— Абстракттуу сөздөргө өтүп кеттик окшойт, реалдуулукка келсек учурда “блогер” дегендер чыгып, журналистика тармагы чаржайыт болуп бараткансыйт, буга кандай жооп бере аласыз?
— Бул интернеттеги автор, ал жерден “күндөлүктү” жазат, ал “сетевой дневник” деп аталат. Каалаганын жазышат, аларга корректор, редактор, журналисттин диплому дегендин кереги жок. Тилдин эрежеси да, чыгармачылык сапаты да кереги жок. “Өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген кеп. Анан мындай “чаржайытты” биз токтото албайбыз. Мыйзамга киргизип, сот аркылуу эле тартипке салбаса. Мисалы, буларда “монетаризация” деген бар – “чаржайытын” көп киши көрсө, анда аларга акча төлөнөт.
— Маалымат каражаттардан эң оор тармагы басма сөз деп айтылып келет, мунун тууралыгы канчалык?
— Мурун ушундай болчу. Анткени, басма сөз биринчи жаралган – XVI кылымда. Андан кийин XX кылымда радио менен телевидение жаралды. Азыр XXI кылымда интернет каражаттары пайда болду. Эртең кийинки “тепкичтер” түзүлөт. Муну “прогресс” дешет.
— “Фейк” тууралуу эмнелерди айта аласыз?
— “Фейк” деген нерсе – мурун бул “жалган”, «калп», «жасалма» деп аталып келген. Эми “фактыны” атайын буруп салган ыкманы “фейк” дешет. Мисалы “Азия-Ньюс” гезити Адил Турдугуловдон кайта-кайта интервью алып, “Эгер Россия Украинаны жеңсе, анда эртең Казакстанды, анан Кыргызстанды басып алат” деген үгүт жүргүзүп жатат. Муну фейк катары карашыбыз керек.
— Бизде сөз эркиндиги бар үчүн ар кандай пикирлерге орун берилет деп эсептесек болбойбу?
— Ооба, бизде сөздүн эркиндиги бар. Кыргыздан бул өтө эле “акылдуу” журт, тим эле “акылдан азап” тартышат дегендер да жок эмес. Мисал келтирсем, учурда бир эркин гезит: “Кыргыздар арийлердин башында турушкан, арийлер Гитлерди жаратты, эгер ушул адам улуттардын баарысын багындырганда, ошолорду тизип, “парад” өткөрмөк, анан кыргыздарды “президиумга” отургузуп, сый-урматын көрсөтмөк” деп жазган. Дагы мисал керекпи? Бир тарых илиминин профессору: “Гитлер өзү чынында кыргыз болгон, мунун аты Адольф эмес элде Адылбек” деп таңгалдырган. Накта ысымы Адылбек Гитлер экен. Профессор орус тилинде чыккан окуу китепке жазган (ушул жерин чийип студенттер мага таңгалып көрсөтүшкөн). Муну кантип баалайбыз – “сөздөн эркиндик” же “акылдан азап” дейбизби? Мындай “эркиндик” менен Наполеонду да кыргыз кылабыз – мунун накта аты Бонапарт эмес эле Бакытбек экен деп. Дагы бир кыргыздын билерманы “шумерлерди” кыргыз деп чечкен. Эмнеге таянды десеңер, мына. Бир китептен “шумердин” курамында “elam” деген уруу бар экенин окуп алып (ал уруу латын тилинде жазылган). Ушул аталышты ал кыргызчага которуп алып (сөздүн экинчи жагын ойлобой) – “мына сага, булар кыргыз экен да, накта кыргыздын тили менен айтылып атпайбы” деп, жыйынтык чыгарат. Бул пенде “сөздөн адаштыбы” же ”акылдан азап чектиби”. Орустардын бир макалы бар – “ум человеческий имеет предел, а глупость его беспредельна”. Кыргызча айтсак, “адамдын акылында чек бар, ал эми анын макоолугунда чек жок”.
— Эми мындайларга анча маани бербесек кандай болот?
— Маани бербесек, анда эмнеге мындайларды массалык маалымат каражаты болгон гезитке редактор жазат. Бул суроо. Жооп жок. Ушунун баарысын бир белгилүү редактор жарыкка чыгарды. Кыргыздар баарын жөн эле жасашат. Факт менен фейктин айырмасы бар – бири чыркыраган чындык, экинчиси жасалма калп. Ушул жерден бир орчун нерсени белгилей кетейин, улуттук музейде тарыхый экспонат катары жаткан “мумия” бар эле. Маданият министирлиги атайын комиссия түзүп, чечим чыгарып, Баткенге алып барып жерге көмүп салышкан. Аны XX кылымдын 60-жылдарында белгилүү археолог ошол жерден тапкан. Сенсациялык ачылыш болгон. Ошол мумия музейде жакшынакай (эрежеси менен) 60 жылдан ашык сакталып турду. Анан министрликке көз ачыктар кирип, мумияны мусулмандын шартына ылайыктап жерге койгула деп сунушташты. Министр алардын талабын аткарды. Мындай “вандализмге” дүнүйө таңгалды. Чет элдик гезиттер “В Кыргызстане, оказывается, не министерство культуры, а министерство мракобесия” деп жазган.
Зулпукаар Сапанов