"Эркин-Тоо"

ЖУРНАЛИСТИКА – КООМДУН КҮЗГҮСҮ

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү журналисттердин ролу, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сабаттуулук көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдорун талкуулоого багытталган “Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү” аттуу семинар уюштурду. Иш-чарага телерадио, интернет басылмаларынын, гезиттердин журналисттери, таанымал блогерлер, тилчиокумуштуулар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер катышты.

«Эркин ой жүгүртүү демократиялык коомдун эң башкы баалуулугу. Аны элге кеңири чагылдырган бул журналисттер чөйрөсү. Жазуу жана оозеки сүйлөөдө көп каталар кетип жатат. Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн окумуштууларды, журналисттерди чакырдык. Себеби, жарык көргөн макалаларда, көрнөк-жарнактарда көп каталар кетүүдө. Сүйлөө маданиятында адабий тилдин, орфоэпиянын эрежелери сакталбай жатат. Көпчүлүгү жаргондорду, говорлорду, диалекттерди кошуп сүйлөшөт. Мүмкүн болушунча адабий тилдин нормаларын, кыргыз орфография эрежелерин сактасак оозеки жана жазуу маданиятыбыз өсөт. Журналисттер маданияттуу жазуу жана сүйлөө менен коомду тарбиялашат. Анткени коомдун күзгүсү – журналистика», — деп айтты төрага Назаркул Ишекеев иш-чаранын ачылышында.

“Орфоэпия маселелерине” токтолгон КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти Тамара Абылкасымова: “Журналисттер тилди жалпыга таратуучу эң күчтүү чөйрө. Элге сиңе турган сөздөрдү киргизүүдө, аны жалпыга жайылтууда журналисттердин эмгеги зор. Мисалы, “контрабанда” деген сөздү “аткезчилик” деп журналисттер киргизди. Аткезчилик “Манас” эпосунда кездешкен сөз. Муну эч бир терминком киргизген эмес. “Өнөктөш өлкө” деген сөздү да коомго журналисттер калыптандырды”, — деп белгиледи ал.

Семинардын жүрүшүндө учурдагы телерадио, гезитжурнал, социалдык тармактардагы сабаттуулук маселелери талдоого алынып, орфография, орфоэпия, пунктуация эрежелеринин сакталышы боюнча ойлор, сунуш-пикирлер айтылды. Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору И.Султаналиевдин “ЖМКдагы орфографиялык мүчүлүштүктөр”, Өкмөттүн Аппаратынын эксперти Т.Абылкасымованын “Орфоэпия маселелери”, коомдук ишмер А.Кулматовдун “Кеп маданиятын калыптандыруудагы ЖМКнын ролу”, журналист Б.Орунбековдун “Кыргыз тилдүү гезиттердеги жазуу эрежелеринин сакталыш маселелери”, Э.Ажыканованын “Социалдык тармактардагы сабатсыздык” темаларындагы баяндамалары катышуучулардын кызуу талкуусун жаратты.

ЖМКлар менен ушул багыттагы иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келет. Уюштуруучулар мындай өз ара пайдалуу кызматташуу келечекте да улантыларын белгилеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан мыкты журналисттерге комиссиянын атайын сыйлыктарын тапшырды.

Асел БАРЫКТАБАСОВА