"Эркин-Тоо"

Жусупбек Коргонбай уулу миңден кою бар адамдар жөлөкпул алып жатканын айтты

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевге кайрылып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандардын жөлөкпул алуудагы көйгөйлөрү тууралуу сөз кылды.

Анын айтымында, аз камсыз болгон жарандарга үйүндө түстүү телевизор, муздаткыч бар болсо, жөлөкпул берилбей экен.

«Ошол эле учурда миңден кой, жүздөн жылкы айдаган кишилер жөлөкпул алып жатат. Тегиз карабайсыздарбы», — деди ал.

Суроого жооп берген министр жөлөкпул берүүдө маселе бар экенин билдирди.

«Бирок сиз айткандай телевизор, кир жуучу машина, муздаткыч болсо, жөлөкпул берилбейт деген талап жок. (…). Ошондой эле сиз айткандарды (колунда бар адамдардын жөлөкпул алганы тууралуу – ред.) ушак-айың түрүндө угуп жатабыз. Бирок аны кармаш керек. Туура эмес кирип калгандар бар. Сиз туура эле айттыңыз, мүмкүн алыскы жерде айыл өкмөттө иштеген социалдык кызматкер менен тургун сүйлөшүп алып, маалымкатты туура эмес берип, анын негизинде (жөлөкпулду – ред.) туура эмес алып жаткандар бардыр. Биз берип жаткан жөлөкпулдун арасында мындай кемчилик жок», — деди ал.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!