2023-жылдын январь-сентябрь айларында 178 млрд. 654,2 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналып, план 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чогулган каражаттардын 132 млрд. 54,2 млн. сому салык төлөмдөрүнө, 46 млрд. 600 млн. сому камсыздандыруу төгүмдөрүнө тийиштүү.
Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү пландык көрсөткүчтөрдүн ашыгы менен аткарылышында негизги ролду ойногон.
Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана санариптештирүүнүн башка долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртканы айтылган.