"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жыл башынан бери 50 миңден ашык жаранга пенсия бөлүндү

КРнын Социалдык фондунун маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь айынан октябрь айына чейин 50 495 жаранга пенсия дайындалган.

Октябрь айында 3705 жаранга пенсия бөлүндү. Мындан тышкары, 1307 пенсионердин пенсиялары кошумча берилген документтердин негизинде, алардын эмгек стажы, эмгек акысы, билими жана майыптыгы эске алынып, кайра эсептелген.