"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жыл башынан бери автоунаа камсыздандыруусу боюнча 17,3 млн сом төлөндү

Жыл башынан тартып автоунаасы камсыздандырылган жарандарга 17 млн 335 миң 499 сом төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, эң ири төлөм 300 миң сомду түзүп, жол кырсыгында жабыр тарткан эки автоунаанын ээлерине ар бири 150 миң сомдон берилген.

Ошондой эле адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча камсыздандыруу окуясы катталып, жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 300 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөнү кабарланды.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ишинде ачыктыкты жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган жоопкерчиликти карманарын белгиледи.