"Эркин-Тоо"

Жыл башынан бери дыйкандарга лизингге 188 техника берилди

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, жыл башынан бери дыйкандарга лизингге 188 техника берилди. Жаңы техникалар мамлекеттин колдоосу менен ишке ашып жаткан лизинг долбоору аркылуу берилүүдө.

Ал эми аталган долбоор ишке кирген күндөн тартып өлкө боюнча дыйкандарга  жалпы 7073 даана техника тапшырылган.