"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жыл башынан бери лицензиясыз ишмердүүлүк жүргүзгөн 165 медициналык мекеме аныкталды

Кыргызстанда жыл башынан бери 567 жеке медициналык мекеме текшерилди. Анын ичинен 165 медициналык мекеме ишмердүүлүгүн лицензиясыз жүргузүп келгени аныкталды. Бул тууралуу  маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Текшерүү министрликтин атайын түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан жургүзүлүп, «Укук бузуулар жөнүндө» КР кодексине ылайык, 251 протокол түзүлүп, 1 млн 449 миң сомго айып пул салынган..

Белгилей кетсек, медициналык мекемелерди текшерүү боюнча жумушчу топ өз ишин Бишкек, Ош шаарлары, Чүй жана Ош облустарында жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө министрлик бардык аймактарда ушундай текшерүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатат.