Жыл соңуна чейин мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасынын саны 100гө жетет.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда республика боюнча 82 дарыкана иштеп жатат.
“Эл Аман” дарыканалары калкты жеткиликтүү баадагы дары-дармек менен камсыз кылуу максатында ачылууда. Мында препараттардын баасы башка дарыканаларга салыштырмалуу 10-15 пайызга чейин арзан болот.