"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Жылдын аягына чейин 1080 батир пайдаланууга берилет

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат кызматы кабарлагандай, Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан «Мурас» турак жай комплексиндеги иштер менен таанышты.

Маалыматка ылайык, мурда бүткөрүлгөн иштердин биринчи баскычында 986 батир пайдаланууга берилген. Учурда бул батирлерде тургундар жашап жатат.

Каныбек Туманбаев ушул жылдын аягына чейин дагы 1080 батирди толук бүтүрүп, жакын арада пайдаланууга берүү пландалып жатканын айтты. Ошондой эле ал комплекстеги калган блокторду келерки жылдын аягына чейин толук бүткөрүү мерчемделгенин баса белгиледи. Натыйжада «Мурас» мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулат.