Бүгүн, 30-апрелде, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Добуш берүү жашыруун жүрүп, анын талапкерлигин депутаттардын басымдуу бөлүгү (76 добуш) колдоду.
Жылдыз Садырбаева буга чейин социалдык саясат, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында активдүү иш алып барып келген.