"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Жогорку Кеңеш

Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин сыйлыктарын кимге тапшырды?  

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева ар кыл тармакта эмгектенген адистерге Ардак грамота жана “Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалын тапшырды.

Сыйлык ээлеринин катарында агартуучулар, дарыгерлер, коопсуздук жана көзөмөл органдарынын кызматкерлери, ошондой эле социалдык-экономикалык тармактын алдыңкы адистери болду.

Аземде сөз сүйлөгөн Төраганын орун басары: «Кыргызстандын башкы байлыгы – эл. Андыктан, элибиздин бакубат жашоосу үчүн баарыбыз кам көрүп, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай иш алып баруубуз кажет. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого алып, ар бир адис өз тармагында ийгилик жарата алганда гана мамлекетибизде өнүгүү болот», – деди.

Ошондой эле Жылдыз Садырбаева сыйлык ээлеринин иштерине жогору баасын берип: «Ушул жерде ар кыл багытта иштеген алдыңкы адистер олтурасыздар. Өрнөктүү өмүр жолуңуздар мындан ары да ийгиликтүү уланып, Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги үчүн кызмат кыла бересиздер деген терең ишеничтемин», – деп кошумчалады.