27-30-июнда көл кылаасындагы “Акун” эс алуу жайында салтка айланып калган Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы жогорку деңгээлде өттү. Быйылкы фестиваль 5-мааракелик фестиваль болуп калды. Анын бул жолку өзгөчөлүгү эл аралык статуска ээ болгондугу менен айырмаланды. Дагы бир айрыкча белгилеп айта турган жагы – аталган фестивалга мамлекет жетекчилиги тарабынан көңүл бурулгандыгы десек болот.
Акын, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыныбай Турсунбековдун ысымын алып жүргөн 5-мааракелик фестивалга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана алыс-жакындан келген белгилүү акын-жазуучулар катышышты.
Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекеттик катчы Марат Иманкулов: ”Ч.Турсунбеков атындагы фонд уюштуруп жаткан фестивалды мындан 100 жылдар өткөндөн кийин да эстешет. Анткени, ушул фестивалдан атак-даңктуу акындар чыгышат. Бул саамалыгыңар мамлекеттин саясаты менен айкалышып турат. Өзүңөр билесиңер, былтыр Президентибиздин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” деген Жарлыгы чыккан. Мына ушул жарлыкты Сиздер менен бирге элдин терең катмарына жеткиришибиз керек” деди.
Өз сөзүндө министрдин орун басары М.Тагаев дагы фестиваль келечек муунга жол чаап бере турган, аларды сүрөп дем бере турган мыкты иш-чара экендигин белгиледи.
Ал эми Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы К.Иманалиев: “Союз маалында Ч.Айтматов, М.Ауэзов, О.Сулейменов, Я.Кемаль, А.Якубов, И.Жахановдор жолугуп турушчу эле, бүгүн мына ошол улуу салт уланып Ч.Турсунбековдун ысымын алып жүргөн дагы жаңы аянтча түзүлүп жатат” – деп катышуучуларга ийгилик каалады.
Дегенибиз, 2021-жылы башталган фестиваль жүрө-жүрө такшалып, өнүгүп 5-мааракелик фестиваль эл аралык деңгээлге өсүп жетти. Бул фестивалга Казакстан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын, жазуучу, Казакстандын кайраткери – Галым Калыйбекулы, көрүнүктүү төкмө жана жазма акын, Кыргызстандын “Маданияттын мыкты кызматкери” медалынын ээси Серик Калиев, жаш акындар Бауыржан Мырза уулу, Максат Дауылбай, Түркиядан Алыкул Осмоновду, Олжас Сулейменовду, Мукагали Макатаевди, Мустай Каримди түрк тилине которгон көрүнүктүү акын, котормочу Кенан Чарбога, Өзбекстандын жазуучулар союзунун төрагасынын кеңешчиси Салим Ашур, жазуучу, акын жана котормочу Нурали Кобул, Өзбекстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү Шухрат Ориф, Наргиза Асатова фестивалдын кадырлуу меймандары болушту.
Мааракелик фестивалда “Акун” пансионатынын ичинде “Акындар сейил багы” ачылды. Анда Ч.Турсунбековдун урматына чынар теректин көчөтү, Кыргыз эл акыны К.Култегин, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер К.Рыспаев жана Ч.Турсунбеков сыйлыгынын лауреаттары Б.Жамгырчиев, Нуркыз Рыскул кызы, Нуриза Өмүрбаева, Сайра Батыркуловалар үчүн ар башка дарактардын көчөттөрү арнап отургузулуп, бир куплеттен ырлары жазылган такталар коюлган.
Фестивалдын жүрүшүндө жаш акындар үчүн белгилүү акын жана котормочу Алтынбек Исмаилов сөз өнөрү, тилдин тазалыгы, ыр жазуунун ыкмалары боюнча мастер класс өткөрсө, көркөм окуунун ыкмалары боюнча белгилүү режиссёр Назым Мендебаиров сабак өттү.
Аталган иш-чаранын бүйүр кызыткан негизги бөлүгү жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи болду. Кызыгы жеңүүчүнүн ысымы катылган конверт ачылмайынча ким лауреат болору туурасындагы сыр акыр аягына чейин купуя болуп келгени болду.
Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын баш байгеси (Гран-при) 28 жаштагы, англис тили мугалими, жаш акын Нурлан кызы Бегайымга ыйгарылды. Ал эми “Жылдыздуу жээк” көркөм окуу сынагында 1-орунду Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын актрисасы Айтунук Бучукова жеңип алды.
Фестивалдын көркүнө көрк, салмагына салмак кошкон жаштардын өз демилгеси менен уюштурулган, кыз-жигиттердин “Сармерден” оюну болуп калды. Мында өзгөчө бир белгилеп коё турган нерсе жаштардын жылдан-жылга ынтымагы бекемделип, региондук эски оорудан арылып, атаандаш болгон досторунун ийгилигине чындап кубанышып, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир муштум болуп түйүлүп, Кыргыз поэзиясынын келечегине чындап күйүп турушканы болду.
Ч.Турсунбеков атындагы 5-мааракелик фестиваль өз максатына жетти. Аны чет элден келген меймандар да баса белгилеп кетишти.
Курманбек Рыспаев