Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 6-декабрда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жылуу маанайда баарлашкан президенттер Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташып, жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалашты. Президент Садыр Жапаров Владимир Путин жана Касым-Жомарт Токаев менен 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады. Ал эми Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүдө анын Кыргызстанга мамлекеттик сапарын ушул айда өткөрүүнү макулдашты.
№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Жылдыз ДЫЙКАНОВА