Бишкек жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) өндүрүлгөн жылуулукка болгон тарифти көтөрүү боюнча долбоор ушул жылдын жай айына чейин даярдалып бүтөт. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 11-февралдагы жыйынында айтты.
Анын сөзүнө караганда, 2028-жылга чейин жылуулукка болгон тариф өз наркына жетиши керек. Ал үчүн баа жыл сайын көтөрүлүп турат.
Учурда Бишкек ЖЭБинен чыккан жылуулук калкка өз наркынан арзан берилип, айырмасы бюджеттин эсебинен жабылып келет. Энергетика министрлиги жыл сайын жылуулуктун өз наркын эсептеп турат. Быйыл 1 гигакалорияга (Гкал) 5998 сом деп бекитилген.