Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Башкы прокуратура тарабынан кармалганы кабарланды.
Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Сирожиддин Камолидиновдун айтымында, ал комитетте иштеп турганда кызматкерлерине 5 миллион сомдон көп каражатты мыйзамсыз түрдө сый акы катары берген.
Жыргалбек Сагынбаев менен кошо өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Элдияр Муканов да кармалган. Ал азыр Энергетика министрлигинде иштейт.