"Эркин-Тоо"

Зомбулукка каршы биргелешкен аракеттер көрүлүүдө

7-июнда Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен Кара-Суу районунда үй-бүлѳлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун” психологу, юристи, “Ак жүрөк” кризистик борборунун психологу, “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун психологу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Адистер милициянын каттоосунда чыр-чатактуу үй-бүлө катары турган үй-бүлө мүчөлөрү менен жекече маектешип, чыр-чатактын келип чыгуу себептерин алдын алуу жана аларды жоюу боюнча иш алып барышты. Юристтер үй-бүлөдө талаш жараткан маселелерди чечүү боюнча кеңештерди беришти. Ал эми, психологдор үй-бүлөдө атанын, эненин жана баланын ролу кандай болуш керектиги тууралуу түшүндүрмө беришти.