"Эркин-Тоо"

Зулушев Баткендеги үйлөрдүн курулушуна байланыштуу иликтөө текшерүүгө алынарын айтты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин иликтөөсүнө комментарий берди.

Анын айтымында, маалымат боюнча текшерүү жүрөт.

“Баткен облустук прокуратурасына тапшырма берилди”, — деди Зулушев.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!