"Эркин-Тоо"

ЗУЛУШЕВДИН УБАДАСЫ АРА ЖОЛДО КАЛДЫБЫ?

Эсиңерде болсо туура 6 ай башта “Эркин-Тоо” гезитине Ысык-Көлдүн Өрнөк айылынын тургуну Эрнис Исабековдун айылдагы жер мафиясына каршы аттанган кайрылуусу жарыяланган. Кабарчыбыз бул боюнча Баш прокурордун өзүнө, алтургай Курманкул Зулушевдин Ысык-Көлдөгү эл менен жолугушуусунда бул маселени Эрнис Исабеков мыйзамды көзөмөлдөөчү органдын башчысына бетме-бет жолугуп айтканы бар. Андан бери эмне өзгөрдү? Генерал Зулушев бул маселени дароо өз көзөмөлүнө алаарын убадалаганы менен ишти Ысык-Көлдөгү прокуратура органдарына дайындаганы, алар маселеге салкын көз карашта болушканы, Өрнөк айылдык кеңешинин депутаттары менен айылдык бийликтин жетекчилери Баш прокурордун мыйзам алкагы менен ишти чечүү аракетине каршы чыгышканы кандай? Бул боюнча Курманкул Зулушев кабардарбы? Кызыгы, Өрнөктөгү жер мафиясына каршы аттанган Эрнис Исабеков бул иштер тууралуу буга дейре Камчыбек Ташиев менен Курманкул Зулушевге кайрылганы менен маселеден жыйынтык чыкпаганы кандай? Эки генералды тоготпогон Ысык-Көлдөгү жергиликтүү бийлик кимди угат?

№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!