"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Үгүт иштери 10-ноябрда башталат

Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун колдоп, өзүн-өзү таркаткан. Андан кийин Президент жарлыгын чыгарып, шайлоо күнүн 30-ноябр-га белгилеген. Шейшембиде БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

БШК төрагасы шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу кыскача маалымат берип, шайлоо мыйзамдарындагы жаңы нормаларга кеңири токтолуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Т.Шайназаров белгилегендей, алдыдагы шайлоо Президентти жана парламентти шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жаңы система менен өтөт. Өлкө 30 округга бөлүнүп, ар бир округдан парламентке үчтөн депутат шайланат.

Шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат. “Айрымдар аралыктан добуш берүүнү электрондук добуш берүү менен чаташтырып жатышат. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин: биздин өлкөдө электрондук добуш берүү жок, бул келечектин иши. Аралыктан добуш берүүнүн электрондук добуш берүүдөн айырмасы — шайлоочунун шайлоо участогуна өзү жеке келип катышуусу талап кылынат. Шайлоочулардын тизмесинде катталган жаран эч кандай бюрократиялык тоскоолдуксуз каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат” — деди Шайназаров.

Аралыктан добуш берүүнүн маани-маңызын түшүндүрүп жатып, ал негизги максат – жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу экенин белгиледи. Ошондой эле аралыктан добуш берүүнү колдонуу шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатууга түрткү болоору күтүлүүдө. Шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоо участкалары аэропорттордо, ири базарларда, соода борборлорунда, ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө жана башка жерлерде ачылат. Бул багытта учурда жергиликтүү бийлик органдары менен иш алып барылып, алар шайлоо участкаларын ачууга ылайыктуу жайларды сунуштап жатышат.

Айрым жарандардын үгүт иштерин жүргүзүп баштагандыгы канчалык мыйзамдуу деген суроого жооп берип жатып Шайназаров үгүт иштери расмий түрдө 2025-жылдын 10-ноябрында башталарын эскертти. “Азыр шайлоого катышуу ниетин билдирген айрым жарандар үгүт жүргүзүп жатышат, бул мыйзамсыз. Биринчиден, алар депутаттыкка талапкер катары каттала элек. Экинчиден, үгүт иштери расмий түрдө 10-ноябрда гана башталат. Азырынча биз оозеки эскертүү берип жатабыз, мындан ары мыйзам чегинде чаралар көрүлөт” деп баса белгиледи БШК төрагасы.

Шайназаров чет өлкөлөрдө 59 шайлоо участогу бар экенин айтып, кошумча дагы 41 шайлоо участогун ачуу сунушталып жатканын билдирди. Ошентип, жалпысынан 34 мамлекетте, 89 шаарда 100 шайлоо участогун түзүү пландалууда. Белгилей кетсек, ушул жылдын 10-20- жана 30-октябрында республикадагы бардык шайлоо тилкелеринде жана Россия Федерациясынын беш шаарында – Москва, Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург жана Иркутскиде тесттик добуш берүү өтөт. Ага каалоочулардын бардыгы катыша алышат.

Кылычбек Кудайбергенов