ӨКМ Токмок шаарынын кире беришиндеги мурда куурап, чирип калган 35 теректин ордуна 354 түп жаңы көчөт отургузду. Алардын ичинен 177си ак кайың, 177си катальпа дарагы.
Министрликтин маалыматына караганда, бул көчөттөр шаардын кире беришин көрктөндүрүү, абанын сапатын жакшыртуу максатында отургузулду.

