"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өкмөт мектеп ачуу жана айдоочулук күбөлүк алмаштырууну жеңилдетти

Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында жеке мектептерди ачуу жана айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесстери санариптештирилип, мөөнөттөр кыскартылды.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин билдиришинче, азыр жеке мектепти ачууга уруксат алуу үчүн талап кылынган бардык текшерүүлөр санарипке өткөрүлүп, санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча корутундулар алуу убактысы кыскартылды. Натыйжада, мектеп ачууга уруксат алуу мөөнөтү 3–4 айдан 20 күнгө чейин кыскарды.

Ошондой эле, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесси толук санариптештирилди. Арызды 10 мүнөттөй убакытта үйдөн чыкпай берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, даяр документти 1–2 күндүн ичинде почта аркылуу алууга болот.