Кыргызстанда 1 миллионго жакын адам дем алуу органдарынын ооруларынан жапа чегет. Анын өлкөдөгү экинчи эң көп таралган дарт экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Оорунун негизги себеби — тамеки тартуу жана үйлөрдү меш менен жылытуудан улам абанын булганышы.
Маалыматка караганда, дем алуу органдарынын ооруларын дарылоо жана алдын алуу боюнча жаңы стратегияларды ишке ашыруу татаал болууда. Буга байланыштуу дем алуу органдарынын инфекцияларын жана аллергияларын көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле өнөкөт обструктивдүү өпкө оорусун диагностикалоо жана дарылоо боюнча эл аралык сунуштарды аткаруу зарылчылыгы келип чыгууда.

