Министрлер кабинети Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы үлгүдөгү паспортторду киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, өлкө аймагында 2025-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карта (ID-карта) жана жалпы жарандык паспорт колдонууга киргизилет.
Ошондой эле токтом менен кыргыз жаранынын жаңы үлгүдөгү ID-картасы жана жалпы жарандык паспорту жөнүндө жоболор бекитилди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын үлгүсүндөгү ID-карталар жана 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттор алардын бланктары түгөнгөнгө чейин жарактуу бойдон калат. Жаңы документтерди берүү ошол бланктар аяктагандан кийин башталат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду жекелештирүү укугу берилди.

